Өзбекстанда жашаган этникалык кыргыздардын Кыргызстанда билим алуусу үчүн 30 бюджеттик орун бөлүндү

  • 2 года мурун

Быйыл Өзбекстанда жашаган этникалык кыргыздарга Кыргызстандын жогорку окуу жайларында билим алуусу үчүн 30 бюджеттик орун бөлүндү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Мекемеден билдиришкендей, “Чет өлкөлөрдө жашаган мекендештерге билим берүү жана улуттук маданият маселелеринде колдоо көрсөтүү боюнча чаралар жөнүндө” жарлыктын негизинде, 2022-2023-окуу жылына карата жогорку окуу жайларында чет өлкөлөрдө жашаган кыргыздарды окутуу үчүн 75 квота бөлүнгөн. Анын ичинен Өзбекстанда жашаган этникалык кыргыздарга 30 квоталык орун бөлүндү.

Сынактык тандоону өткөрүү курамы университеттердин, илимий чөйрөнүн, жарандык коомдун жана башка кызыкдар тараптардын өкүлдөрү кирген тандоо комиссиясы түзүлөт.

Сынактык тандоого катышуу үчүн талапкерлер министрликтин student.edu.gov.kg/ онлайн системасына катталып, “Чет өлкөлөрдө жашаган этникалык кыргыздарды Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларына 2022-2023-окуу жылында кабыл алуу” бөлүмүнө бардык керектүү документтерди жүктөө керек.

Жогорку окуу жайлар бөлгөн адистиктердин тизмеси, саны жана сынакка тапшырууда керектүү документтер тууралуу министрликтин сайтында жазылган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты