Өзбекстанда Мирзиёевди сындаган жаран беш жылга соттолду

  • 7 месяцев мурун

Өзбекстанда өлкө президенти Шавкат Мирзиёевди Орусиянын Украинага каршы согушун колдоого айыптаган 38 жаштагы интернет колдонуучу 5 жыл 1 айга эркинен ажыратылды.

Мындай чечимди былтыр 19-октябрда Самарканд облусундагы Каттакурган райондук соту чыгарып, Бунежон Бобониёзовду «Президентке жалаа жабуу же аны ачык кемсинтүү» беренеси боюнча күнөөлүү деп тапкан. Бул чечимди Самарканд облустук соту күчүндө калтырды.

Соттун өкүмүндө Бобониёзов «күнөөсүн мойнуна алып», балдары бар экенин айтып, соттон жеңилирээк жаза берүүнү өтүнгөнү жазылган.

Тергөөнүн материалдарына ылайык, Бобониёзов Facebook’ка «Бобониез Ахмад» деген ысым менен билдирүүлөрдү жазып келген. 2022-жылдын 29-октябрында ал Шавкат Мирзиёев «орус президентине сатылып кеткенин» жазса, 2023-жылы январда Мирзиёевди Путиндин Украинага каршы согушун колдоого айыптаган пост чыгарган.

Өзбекстандын Юстиция министрлигине караштуу Соттук-медициналык экспертиза борбору бул билдирүүлөрдө «президентти кемсинтүүгө жана каралоого байланышкан аракеттер бар» деген корутунду чыгарган.

амарканд облусундагы Пахтачы районунда төрөлгөн Бунежон Бобониёзов көп жылдан бери Уфа шаарында жашап жүргөн. 2007-жылы ал Орусияда зомбулук жана уурулук айыбы менен үч жыл түрмөгө отуруп чыккан.

Соттун документтеринде Бунежон Бобониёзов Өзбекстанда тыюу салынган оппозициялык «Эрк» партиясынын активдүү мүчөсү экени жазылган. Бирок анда 2023-жылы апрелде камакка алынган Бобониёзовдун Орусиядан Өзбекстанга качан жана кандай шарттарда келгени так көрсөтүлгөн эмес.

«Озодлик» радиосу аныктап чыккандай, өткөн жылы Өзбекстанда социалдык түйүндөрдөгү билдирүүлөрү үчүн «Президентке жалаа жабуу же аны ачык кемсинтүү» беренеси боюнча бери дегенде эле төрт киши соттолгон.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты