Өзбекстанда министр аралашкан жарнама үчүн кийим дүкөнүнө айып пул салынды

  • 2 месяца мурун

Атаандаштыкты өнүктүрүү жана керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо комитети Өзбекстандын маданият министри Озодбек Назарбековдун жарнамасы үчүн Kingsman кийим дүкөнүнө айып пул салды.

“Жарнак жөнүндө” мыйзамдын 16-беренесинде товарды мамлекеттик органдар же кызмат адамдары жактырганын көрсөтүүгө тыюу салынат. Комитет ошондой эле мыйзам бузууну оңдоп, келечекте кайталанбоо үчүн буйрук берди.

Бирок атайын комиссия министрдин өзү мыйзам бузду деп эсептебейт.

«Назарбеков өзү жеке социалдык баракчалары аркылуу жарнаманы жайылткан эмес. «Жарнама жөнүндө» мыйзамга ылайык, ал рекламаны таратуучу катары эсептелбейт» деп айтылат маалыматта.

Быйыл 2-июлда министр Назарбековдун жергиликтүү кийим брендин жарнамалоого катышканы тартылган видео жарыяланган. Видео интернетке тарагандан кийин комитет кырдаал көзөмөлдө экенин, иликтөө иштери жүрүп жатканын билдирген.

Сүрөт: RFE/RL

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты