Өзбекстанда издөөдө жүргөн жаран Оштон кармалды
- 7 месяцев мурун
Өзбекстанда издөөдө жүргөн жаран К.Ш. Ош облусунда кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Ош облусунун аймагында Өзбекстандын Андижан облусунун 1973-жылы туулган К.Ш. аттуу жараны кармалды.
Ал Өзбекстандын аймагында диний-экстремисттик иштерге аралашкандыгы, ошондой эле Өзбекстандын конституциялык түзүлүшүнө кол салгандыгы үчүн издөөдө жүргөн.
Учурда кармалган жаран Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын №5 тергөө абагына киргизилди.
Муну бөлүшүү