Өзбекстанда «Док-1 Макс» дарысынан дагы сегиз бала жабыркады

  • 2 года мурун

Өзбекстандын Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Олтиной Эсанованын билдирүүсүнө ылайык, «Док-1 Макс» дарысынан дагы сегиз бала жабыркады. Маалыматка ылайык, балдардын үчөөсүнүн абалы оор.

Индиянын Marion Biotech компаниясы Өзбекстанда 19 баланын өлүмүнө байланыштуу, жөтөлгө каршы “Док-1 Макс” дарысын чыгарууну токтоткон эле.

Анын алдында Индиянын дары каражаттарынын стандартын көзөмөлдөө боюнча улуттук уюму Делиге жакын жерде жайгашкан компаниянын заводун текшерүүгө алганын жана Өзбекстандын саламаттык сактоо министрлиги менен байланышта экенин маалымдаган.

Өзбекстанда өткөн аптадан бери ушул дарыны ичкенден кийин саламаттыгы начарлаган 22 баланын 19у чарчап калды. «Док-1 Макс” дарысынан уулуу этиленгликол заты табылганын өлкөнүн саламаттык сактоо министрлиги маалымдаган.

“Док-1 Макс” таблеткалары жана сироптору Өзбекстандын бардык дарыканаларынан алынып, Улуттук коопсуздук кызматы тергөө баштады.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты