Өзбекстанда адам өлтүргөнү үчүн соттолуп, абактан качып чыккан эки жаран Сузактан кармалды

  • 2 года мурун

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда Өзбекстанда өзгөчө оор кылмыштар үчүн соттолуп, мамлекеттик чек араны мыйзамсыз бузуп өткөн эки өзбек жараны кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

ИИМдин маалыматына караганда, ушул жылдын 6-январында милицияга Сузак районунун Кара-Дарыя айыл аймагынан эки жаран мамлекеттик чек араны мыйзамсыз бузуп өткөнү боюнча маалымат келип түшкөн.

Аталган факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 378-беренесинин (Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү) негизинде катталып, кылмыш иши козголгон.

Сузак РИИБинин экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында Өзбекстандын Андижан облусунун тургуну К.А. жана Фергана облусунун 1992-жылкы тургуну Н.М. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Териштирүү учурунда кармалгандар Өзбекстанда бир нече жолу соттолгону, акыркы жолу өз өлкөсүндө адам өлтүргөнү үчүн соттолуп, Жиззах  облусунда жазасын өтөп жаткан жеринен качып, Кыргызстандын мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз бузуп өтүшкөнү аныкталган.

Өзбекстанда кармалгандарга карата издөө жарыяланганы белгилүү болду.

Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты