Өзбекстан: Ташкент аэропортунда 8,5 тонна апийим алынды

  • 11 месяцев мурун

Ташкент эл аралык аэропортундагы «Ташкент-Аэро» бажы комплексинде баңгизаттын рекорддук партиясы – 8,5 тонна апийим кармалды. Бул тууралуу Өзбекстандын Бажы комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, бул бажы кызматынын 30 жылдык тарыхында биринчи жолу ушундай ири өлчөмдө маңзат партиясы кармалган учур болуп калды. Операция кайсы күнү болгону айтылган жок.

Маалыматка ылайык, кармалгандар баңгизатын чет өлкөдөн учак менен алып келип, андан соң жүк унаалары менен ташууга аракет кылышкан. Коштоочу документтерде жүктүн ичинде 1000 капка салынган 25 тонна кондитердик апийим болгону көрсөтүлгөн.

Текшерүү учурунда 25 тонна кондитердик апийимдин арасынан 8,5 тонна апийимдин активдүү алкалоиддери камтылган сабактары табылган. Ал маңзат катары Өзбекстанда тыюу салынган.

Бул факты боюнча бажы органдары кылмыш ишин козгоду.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты