Өзбекстан талибдердин чийки мунайын кайра иштетет

  • 5 дней мурун

S&P Global каржылык-аналитикалык компаниясынын маалыматы боюнча, Saneg өзбек мунайгаз компаниясы жылына 2 миллион тонна ооган мунайын иштетүү боюнча келишимге жетишкен.

Бул маалыматты Өзбекстандын мунай тармагындагы бул маселе менен жакындан тааныш болгон чиновниктеринин бири тастыктады.

Анын айтымында, мунай Ооганстандан Өзбекстанга Аму-Дарыя аркылуу ташылат. Мунайдын биринчи партиясы жөнөтүлүп бүттү, Өзбекстан 100 миң тонна чийки зат алат, азырынча так көлөмү белгисиз.

“Талибан” өкмөтү күйүүчү майдын жетишсиздигинен улам мунай өндүрүүнү калыбына келтирүүгө аракет кылууда. Мунай иштетүү боюнча сүйлөшүүлөр бир нече айдан бери жүрүп жатат жана көйгөйлөрдүн бири – мунайдын курамында күкүрттүн көп болушу.

Ооганстан мурда мунай иштетүүчү кубаттуулукка ээ болгон эмес жана Түркмөнстан, Иран жана жакындан бери Кыргызстан сыяктуу чөлкөмдөгү өлкөлөргө көз каранды болчу.

-Орусия да Ооганстанга мунай жеткирет жана орусиялык компаниялар Европанын санкцияларынын кесепеттеринин ордун толтуруу үчүн мунайдын көлөмүн көбөйтүүгө умтулууда,- деп жазат орус басылмалары.

Өзбекстандагы Фергана мунай иштетүүчү заводу – ооган мунайын иштетүүчү жалгыз завод. Чийки мунай негизинен өзбек рыногунда дизелдик отун катары колдонулат жана кайра иштетилген күйүүчү майды Ооганстанга экспорттоо мүмкүнчүлүгү бар.

Сүрөт: Taliban Government  -Ministry of Foreign Affairs

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты