Өзбекстан: Шавкат Мирзиёевдин инаугурациясы бүгүн өтөт

  • 1 год мурун

Өзбекстанда кезектеги мөөнөткө президент болуп шайланган Шавкат Мирзиёевдин инаугурациясы 14-июлда парламенттин мыйзам чыгаруу палатасы менен сенатынын биргелешкен жыйынында өтөт. Бул тууралуу Олий мажлистин билдирүүсүндө жазылган.

Расмий маалыматтар боюнча, 9-июнда мөөнөтүнөн мурда өткөн президенттик шайлоодо Шавкат Мирзиёев шайлоочулардын 87,05% добушун алган.

Мирзиёев 2021-жылдагы ант берүү аземинде Өзбекстанда конституциялык реформа жүргүзүүнү сунуштаган. 2022-жылы июнда ал Конституцияга сунушталган өзгөртүүлөрдү референдум аркылуу кабыл алууну демилгелеген.

Баш мыйзамдын жаңы редакциясы боюнча референдум быйыл 30-апрелде өткөн. Расмий маалыматтарга ылайык, анда шайлоочулардын 90,2% Конституцияны өзгөртүүнү колдосо, 9,35% каршы добуш берген.

9-июлдагы президенттик шайлоодон кийин ЕККУнун Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросунун байкоочулары добуш берүү процесси «техникалык жактан жакшы уюштурулганын», бирок «чыныгы атаандаштык болбогонун» билдирген.

Өз кезегинде КМШнын байкоочулар миссиясы «шайлоо альтернативдүү негизде, демократиялык шайлоолорду өткөрүү принциптерине шайкеш, ачык жана адилет өткөнүн» маалымдаган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты