Өзбекстан менен Казакстандын Куралдуу күчтөрү биргелешкен аскердик машыгуу өткөрдү

  • 1 год мурун

Ташкент аскердик округунун полигонунда Өзбекстан менен Казакстандын Куралдуу күчтөрүнүн Атайын багыттагы бөлүктөрүнүн биргелешкен «Калкан-2023» машыгуусу аяктады. Бул тууралуу «Газета.uz» басылмасы Өзбекстандын Коргоо министрлигине шилтеме кылып кабарлады.

Аскердик машыгуунун жүрүшүнө эки өлкөнүн коргоо министрлери көз салып турушту. Анда жоокерлер Чек ара кызматынын ыкчам тобунун күчтөрү менен биргеликте шарттуу душманды жок кылуу аракетин көрүштү. Бул үчүн учкучсуз учуучу аппараттарды колдонуу менен аймак изилденип, «душмандын» ыктымал жашырына турган жери аныкталды.

Андан соң миномёттор менен «душман» жашырынган жерге сокку урулду. Күжүрмөн тапшырманы аткарууда жаңы тактикалык ыкма колдонулду: сокку урууга согуштук учактардын коштоосундагы жеңил чопкутталган автоунаалар да тартылды.

«Биргелешкен машыгуунун жүрүшүндө жоокерлер жогорку деңгээлдеги даярдыгын, ынтымагын жана коюлган тапшырманы мыкты аткара аларын көрсөттү» – деп жазылган Өзбекстандын Коргоо министрлигинин билдирүүсүндө.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты