Өзбекстан Кыргызстанга түркмөн энергиясынын транзитин келерки жылы жандандырат

  • 2 года мурун

2023-жылы Өзбекстан Кыргызстанга Түркмөнстандын электр энергиясынын транзитин жандандырат. Бул тууралуу Өзбекстандын Энергетика министрлигинин сайтында айтылат.

Белгиленгендей, бул тууралуу чечим Кыргызстандын Энергетика министрлиги менен макулдашылган.

Мындан мурда Улуттук энергохолдинг башкармалыгынын төрагасы Талайбек Байгазиев Кыргызстан Түркмөнстандан импорттогон электр энергиясы транзиттик өлкө — Өзбекстанда убактылуу кармалып жатканын билдирген. Ал байкалып жаткан энергетикалык каатчылыкка байланыштуу Өзбекстан Түркмөнстандан келе жаткан электр энергияны убактылуу алып, жакында кайтарып берерин түшүндүргөн.

Ошондой эле Кыргызстандын Энергетика министрлиги кошуна өлкөгө ата мекендик көмүрдү жүк ташуучу унаалар менен экспорттоого уруксат берүүнү сунуштады.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты