Өзбекстан энергиянын альтернативдүү булактарына өтүү иштерин күчөтөт

  • 1 год мурун

1-февралда Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Анжиян облусунун тургундары менен жолугуп, өлкөнүн энергетика тармагындагы көйгөйлөр жана аларды чечүүнүн жолдору жөнүндө айтты. Бул тууралуу «Газета.уз» сайты жазды.

Президенттин айтымында, быйылкы кескин суук күндөрү өлкөдө электр энергиясынын тартыштыгы 3,1 миллиард кВт/саатты түзсө, анын 1,1 млрд кВт/сааты Фергана өрөөнүнө (Анжиян облусу – 384 млн. Наманган облусу – 288 млн. жана Фергана облусу – 441 млн.) туура келген. Айрым күндөрү калктын суроо-талабы дароо 30% өсүп, ал көптөгөн аварияларга алып келген.

Мирзиёев Фергана өрөөнүнүн мисалында калкты жана экономиканын тармактарын үзгүлтүксүз энергоресурстар менен камсыз кылуу боюнча бир катар сунуштарын айтты.

«Күн жана шамал электр станциялары тармагында ири долбоорлорду ишке ашырууну тездетүү зарыл. 2023-жылы Пап жана Фергана райондорунда 600 МВт кубаттуулуктагы эки күн электр станциясын куруу пландалууда. Мындан тышкары Жаңы Анжиян шаарчасындагы 192 көп батирлүү үйдү жана алты социалдык объектини кепилденген жылуулук менен камсыз кылуу үчүн 20 МВт’тык электр энергиясын жана жылуулук өндүргөн жабдууларды орнотуу каралууда. Станция жылуулук менен бирге жылына 80 млн. кВт/саат электр энергиясын өндүрөт. Анын алгачкы этабы быйыл декабрда ишке кирет деп күтүлүүдө » деди президент.

Мирзиёев ошондой эле Фергана өрөөнүндөгү облустарга 160 МВт кубаттуулуктагы күн панелдерин жана 100 МВт’тык кичи ГЭСтерди куруу пландалып жатканын билдирди. Бул долбоорго 1-июлга чейин ишкерлер тартылып, Анжиянда 41, Наманганда 32 жана Ферганада 27 кичи ГЭСтин курулушу башталат.

Президент бюджеттик объектилерде «күн энергиясын пайдалануу боюнча» өзүнчө компания түзүлөрүн, бул үчүн 200 миллион доллар бөлүнөрүн билдирди. Ал компания өз алдынча күн панелдерин жана суу жылытуучу жабдууларды орнотуп, бюджеттик мекемелерге «жашыл энергия» сатат.

«Ишкерлерге бул тармактын кирешелүү экенин түшүндүрүп, аларды «жашыл» долбоорлорго тартуу каралууда. Кичи көлөмдөгү күн батареясынан алынган 1 кВт/саат электр энергиясынын баасы 450 сумду түзсө, алар аны бюджеттик мекемелерге 800 сумдан (0,071 доллар) сатса болот» деди Мирзиёев.

Президент ошондой эле Фергана өрөөнүндөгү 1 408 ири ишкананы толугу менен кайра жаралуучу энергия булактарына өткөрүү пландалып жатканын билдирди. Анын айтымында, Өзбекстан кичи ишканаларга күн панелдерин орнотуу жана кичи станцияларды куруу үчүн эл аралык каржы уюмдарынан 2 миллиард доллар алууга ниеттенип жатат.

Калкты кызыктыруу үчүн «Күн энергиясын колдонуунун жагымдуу системасын» түзүү сунушталууда. Ал үчүн күн панелдеринин жардамы менен өз үйүндө электр энергиясын өндүрүп, жалпы түйүнгө сатып жаткан Фергана өрөөнүндөгү тургундарга кВт/саат электр үчүн 295 сумдун ордуна 1 000 сумдан төлөнө баштайт.

Мирзиёев бардык социалдык объектилердеги 3 миң эски отказанды заманбап жабдууларга алмаштыруу зарылдыгын белгиледи. Бул үчүн быйыл мамлекет менен жеке өнөктөштүктүн негизинде 250 миллиард сум бөлүнөт.

Президент ошондой эле жылына 120 миллион куб метр газ керектеген 170 күнөскананы жана 64 кыш чыгаруучу ишкананы көмүргө өткөрүүнү тездетүү керектигин белгиледи.

Жооптуу кызматкерлерге бул иштерди 1-октябрга чейин аткаруу тапшырмасы берилди.

Сүрөт: Reuters.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты