“Өзбекстан 250 миллиард сумга Кампирровод районуна жасалма пляж курат”. Маалыматты текшеребиз
- 1 год мурун
- Фактчекинг
5-июнда кыргызстандык “Кабарлар” сайтына “Өзбекстан Кампирровод районунда 250 млрд сумга пляж курат” деген баштема менен материал жарыяланды.
“Өзбекстан жасалма пляжга 250 млрд сум жумшайт”. Өзбекстандын Анжиян облусунда аймакка туристтерди тартууну максат кылган “Өзбекстандын жаңы көлү” аталышындагы уникалдуу долбоор башталды. Хонабаддын Кампирровод районунда жайгашкан долбоордо жасалма пляждарды, өзөндөрдү, парктарды, ресторандарды жана китепканалапды, ошондой эле Борбор Азиядагы эң ири жасалма аралчаларды куруу каралган. Бул долбоордун аякташы Өзбекстанга туристтердин агымын бир топ көбөйтөт деп күтүлүүдө”, — деп жазылат кабарда.
Ушул эле маалыматты 6-июнда “NazarNews” сайты дагы жарыялады.
“Жакында эле Кыргызстан Өзбекстанга өткөрүп берген Кемпир-Абад суу сактагычына коңшулар көз жоосун алган туристтик өзгөчө жай курганы жатышат. Башкача айтканда, Өзбекстан Анжиян облусундагы аймакка көбүрөөк туристтерди тартуу максатында «Өзбекстандын жаңы көлү» деп аталган уникалдуу долбоор башташканы маалым болду”, — деп жазган “NazarNews”.
“ПолитКлиника” медиасы бул маалыматты текшерип көрдү.
Туристтик долбоор
2021-жылы 25-сентябрда Өзбекстандын “Дарё” басылмасы “Ханабад шаарынын аймагында 68 гектар аянтка жасалма көл бассейни түзүлөт” деген материал жарыялаган. Анда президент Шавкат Мирзиёев 2020-жылы Анжиян облусуна болгон иш сапарынын алкагында ички туризмди өнүктүрүү боюнча тапшырмаларды берип, долбоордун курулушу 2021-2022-жылы башталат деп пландалганы айтылган.
“Маалым болгондой, президент Шавкат Мирзиёев 2020-жылы Анжиян облусуна болгон иш сапарынын алкагында ички туризмди өнүктүрүү, Ханабад шаарын туризм борборуна айландыруу боюнча тапшырмаларды берген. Бул милдетти ишке ашыруу максатында шаарда бир жыл бою изилдөөлөр жүргүзүлдү. Жыйынтыгында Анжиян суу сактагычынын айланасында – шаардын «Кампирровот» кичи районунда жасалма көл бассейнин жана түрдүү эс алуу жайларын куруу боюнча долбоор даярдалган.
Долбоордун баасы 50 миллиард сумга жакын жана бул каражатка жасалма көлдүн бассейнин жана анын айланасындагы жолду, велосипед жана жөө жүргүнчүлөр үчүн жолдорду, ошондой эле ичүүчү сууну жана канализацияны куруу жана оңдоо пландаштырылган. Ошондой эле, көлдүн айланасында 300гө жакын жаңы ишканалар, ресторандар, оюн-зоок жана башка кызматтар ачылат. Долбоордун курулушу 2021-2022-жылдарга пландалууда.
Ханабад шаарынын мэриясынан билдиришкендей, учурда бул долбоорду ишке ашыруу боюнча түркиялык курулушчулар жана инвесторлор менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат”, — деп жазылган кабарда.
Кыргызстандык “Кабарлар” сайты өзбекстандык “Дарё” басылмасынын жогорудагы кабарын 5-июнда орусчага которуп жарыялаган жана анда колдонулган видеону тиркеп койгон. Бирок “Кабарлар” долбоордун суммасын 50 млрд сум эмес, 250 млрд сум деп көрсөткөн. Ошондой эле, алар бул материалды жарыялап жатып, маалымат булагын көрсөтүшкөн эмес.
Ал эми “NazarNews” бул кабарга автордук пикирин кошуп, “туристтик жай Кемпир-Абад суу сактагычына куруларын” жазышкан.
Тактап айтканда, Өзбекстандын Ханабад шаарындагы Кампирровот кичи районунун аймагында, Андижан (Кемпир-Абад — ред.) суу сактагычынын айланасында жасалма көл бассейни курулары тууралуу кабар 2021-жылы сентябрда чыккан. Бул кабарды Кыргызстандагы бир нече сайт ушул жылы июнда жарыялашкан. “NazarNews” сайты кабарга автордук пикирди кошуп, бурмалап берген.
Кемпир-Абад суу сактагычы
“Азаттыктын” берген маалыматына ылайык, 1960-жылдары Өзбек ССРи Кыргыз ССРине караштуу аймакка (Кыдырша, Алчалуу, Тейит, Сүткен, Кызыл-Токой айылдарынын ордуна) Кемпир-Абад гидроэлектрстанциясын (ГЭС) курууну чечкен. Бирок суу толчу аймак Кыргыз ССРине карап тургандыктан, өзбек тарап ал жерди алып, ордуна кыргыздарга башка аймактан жер бөлүп берүүгө макулдашкан. Курулуш иштери 1965-жылы башталып, 1983-жылдары толугу менен бүткөрүлгөн.
Алгачкы жылдары документтерде жердин аталышы Кемпир-Рават (Кампыр-Рават) деп аталчу. Ташкент кийин гана аны административдик жайгашуусуна карап “Анжиян” суу сактагычы жана “Анжиян” ГЭСи деп атоого өткөн.
2021-жылдын 23-мартында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Өзбекстанга барып эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшкөн. Анда Ташиев Кемпир-Абад суу сактагычынын плотинасы (дамбасы) өзбек тарапка өтөт деп чечим кабыл алынганын маалымдаган.
Бирок төмөнкү шарттарды сактаган учурда плотина алардын аймагында калтырыларын айткан:
— суу ресурстарын биргеликте башкаруу боюнча өкмөттөр аралык келишим түзүү;
— суу 900 горизонталдан көтөрүлбөйт;
— кыргыз тараптын сууну ээн-эркин пайдалануусуна шарт түзүп берүү;
— Өзбекстан суунун жээгине тосмо койбойт.
Өткөн жылдын аягында Кыргызстан менен Өзбекстан кыргыз-өзбек чек арасынын айрым участоктору жөнүндөгү келишимди жана Кемпир-Абад (Анжиян) суу сактагычынын суу ресурстарын биргелешип башкаруу жөнүндөгү макулдашууну ратификациялоо тууралуу эки мыйзамга кол коюп, ратификациялаган.
Андан соң президент Садыр Жапаров Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Бишкекке мамлекеттик сапар менен келгенде эки өлкө чек арасын делимитациялоо жараяны аяктаганын билдирген.
Түзүлгөн макулдашууга ылайык, Кемпир-Абад суу сактагычы жайгашкан 4957 гектар жер жана буга кошумча суу тосмосун коргоо үчүн 19,5 гектар жер тилкеси Өзбекстанга өткөрүлдү.
Ал эми Кыргызстанга мурда берилбей калган 1019 гектар жайыт жер жана суу сактагычтын сол жээги аркылуу курулбай калган суу каналы үчүн кенемте катары жалпы аянты 12 849 гектар Гавасай тилкеси өткөрүлүп берилди.
Жыйынтыгында, Кыргызстанга мурда кенемте катары берилген жер тилкесин кошкондо жалпы 19 миң гектардан ашуун жер өттү.
Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүшүнө каршы пикирин билдирген бир катар активист жана саясатчы өткөн жылдын октябрында камакка алынып, ошондон бери тергөө абагында отурушат. Алардын айрымдары гана ден-соолугуна байланыштуу үй камагына чыгарылды.
Жыйынтык: “Өзбекстан 50 миллиард сумга Кампирровод кичи районуна жасалма пляж курат” деген маалымат 2021-жылы Өзбекстандын “Дарё” басылмасына жарыяланган. Бирок андан бери кандай аракеттер болуп жаткандыгы тууралуу же долбоор качан ишке ашары жөнүндө маалымат берилген эмес.