Өзбек улуттук академиялык драма театры “Жер эне” спектаклин тартуулады

  • 8 месяцев мурун

Өзбек улуттук академиялык драма театры “Жер эне” спектаклин тартуулады. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына арналган “Айтматов жана театр” VI эл аралык театр фестивалына Кыргызстан, Өзбекстан, Казакстан, Түркмөнстан, Россия, Азербайжан өлкөлөрүнүн театрлары Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын негизинде коюлган спектаклдер менен катышууда.

7-декабрда Өзбек улуттук академиялык драма театры “Жер эне” моноспектаклин тартуулашты.

Спектакль Ч. Айтматовдун “Саманчынын жолу” чыгармасынын негизинде даярдалып, аял, эне Толгонайдын экинчи дүйнөлүк согушка туш болгон тагдырын баяндайт.

Толганайдын образын Өзбекстандын эл артисти Малика Ибрагимова чеберчилик менен аткарды.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты