Зардалы айылы интернетке туташты

  • 2 года мурун
Зардалы айылы интернетке туташты

Баткен облусунун тоо боорундагы алыскы Зардалы айылы интернетке туташтырылды.  Бул тууралуу «Кыргыз Интернет Коому» уюму билдирди.

Анда бул иш ЮНИСЕФ уюмунун долбоорунун алкагында ишке ашканы айтылат.

Уюмдун инженери Ибрахим Халил Билгич бир нече күн-түндүк эмгектенүүдөн кийин «Зардалыда интернет абдан жакшы ылдамдыкта иштеп жатат, жергиликтүүлөрдүн кубанычында чек жок» деп билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган айылга алгач күн панели орнотулуп, ал айылдын чакан мектебин электр жарыгы менен да камсыз кылды. Бул окуучулардын райондук же шаардык мектептер, мекемелер менен байланышта болуп, сапаттуу  билим алуусуна өбөлгө түзөт. Андан сырткары, бүт айылды жана кошуна айылдарга чейин электр жарыгы менен камсыз кыла алат. 

Зардалы айылынын кышы абдан катаал, электр жарыгы жок, эч кандай логистикалык жолдорго байланышпаган, башка айылдар менен туташтырган жалгыз кууш жана таштак жол бар.

Белгилей кетсек, 2020-жылы «Ошэлектр» ишканасы Зардалы электр энергиясы менен камсыз болорун 10кВ жогорку чыңалуудагы узундугу 10 чакырым зым тартылары айтылган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты