Замирбек Базарбеков Жогорку соттун төрагасы кызматынан бошотулду

  • 2 дня мурун

Садыр Жапаровдун Жарлыгына ылайык жана Судьялар кеңешинин сунушу боюнча Замирбек Базарбеков Кыргызстандын Жогорку сотунун төрагасы кызматынан өз каалоосу боюнча мөөнөтүнөн мурда бошотулду.

Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы бүгүн, 11-октябрда билдирди.

Эске сала кетсек, 9-октябрда Замирбек Базарбеков Жогорку соттун төрагасы кызматынан кетүү тууралуу арыз жазганын жергиликтүү ЖМКлар жазып чыгышкан.

Замирбек Базарбеков Жогорку соттун төрагалыгына 2022-жылы дайындалган.

Сүрөт: интернет булактары

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты