Ысык-Көлгө чөгүп кеткен 4 жаштагы кызды издөө иштери токтотулду

  • 2 года мурун

Ысык-Көлгө чөгүп кеткен 4 жаштагы кызды издөө иштери токтотулду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 18-июлда Ысык-Көл районунун Тору-Айгыр менен Чырпыкты айылдарынын ортосунда саат 15:00 чамасында 2018-жылы туулган Н.А. атуу кыз көлгө чөгүп кеткен. Анда кыздын үй-бүлөсү көлдүн киши түшпөй турган тилкесине барып сууга түшүшкөн. Ошол учурда каттуу шамал жүрүп, желим матрацтын үстүндө отурган наристени учуруп, анын көлгө чөгүүсүнө себеп болгон.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен тартылган 25тен 45ке чейинки куткаруучулар күн сайын 20 метрден ашуун тереңдикке чейин түшүп, 24 күн бою издөө иштерин жүргүзүп, тилекке каршы натыйжа болгон эмес. 

Мындан сырткары издөө иштерине Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн, облустук регионалдык экология жана көзөмөл башкармалыгынан кызматкерлер жана күч-каражаттар, жергиликтүү тургундардан түзүлгөн ыктыярчылар да тартылган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучу бөлүмдөрүнүн авариялык куткаруу иштерин уюштуруу жана алып баруу жөнүндө жобосуна ылайык дайынсыз болуп жаткан адамды издөө иштери 15 күнгө чейин токтотулмак. Бирок издөө иштери 20 күндөн ашык жүргүзүлүп 9-августтан тарта токтотулду. 

Аталган окуя боюнча кандайдыр бир маалыматтар түшсө, издөө иштери кайрадан жандандырылат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты