Ысык-Көлгө чөгүп кеткен 4 жашар кызды издөө иштери уланууда
- 2 года мурун
Ысык-Көлгө чөгүп кеткен 4 жашар кызды издөө иштери уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
«Бүгүн издөө иштерине 30 куткаруучу, анын ичинде 7 суучул тартылды», — деп айтылат маалыматта.
18-июль күнү саат 15:00 чамасында Ысык-Көл районунун Чырпыкты жана Тору-Айгыр айылдарынын ортосунда 2018-жылы туулган Н.А. аттуу кыз көлгө чөгүп кеткен.
Муну бөлүшүү