Ысык-Көлгө чөгүп кеткен 16 жаштагы кыздын жансыз денеси табылды
- 2 года мурун
Ысык-Көлгө чөгүп кеткен 16 жаштагы кыздын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кыздын сөөгү 27-июнда саат 19:20да табылган.
27-июнда Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарына карашатуу «Толкун» кум жээгинде 16 жаштагы 1 кыз (аты-жөнү такталууда) сууга чөгүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. Кырсык катталган көл жээгине Балыкчы шаардык №19 ӨКБдан 7 куткаруучу тартылган.
Муну бөлүшүү