Ысык-Көлгө чөгүп кеткен 16 жаштагы кыз изделүүдө
- 2 года мурун
Ысык-Көлгө чөгүп кеткен 16 жаштагы кыз изделүүдө. Бул Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Бүгүн, 27-июнда Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарына карашатуу «Толкун» кум жээгинде 16 жаштагы 1 кыз (аты-жөнү такталууда) сууга чөгүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. Кырсык катталган көл жээгине Балыкчы шаардык №19 ӨКБдан 7 куткаруучу тартылып, изделүүдө. Кошумча маалымат берилет.
Муну бөлүшүү