Ысык-Көлдө жыйырма суу транспорт ээлерине протоколдор түзүлдү

  • 12 месяцев мурун

Ысык-Көлдө жыйырма суу транспорт ээлерине протоколдор түзүлдү. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, август айында башталган 10 күндүк текшерүүнүн жүрүшүндө 35 кеме ээлери текшерилди. Анын ичинен 15 суу скутеринин, 3 катердин жана 2 теплоходдордун ээлерине суу транспортунун техникалык шайкештигин бузгандыгы, кеме билеттеринин, ошондой эле жүргүнчүлөрдү ташуу укугуна лицензиялардын жоктугу үчүн протоколдор түзүлдү. Мындан тышкары, суу транспортторунун ээлери менен каттоо жана уруксат берүүчү иш кагаздарын алуу боюнча бардык зарыл процедуралардан өтүү жөнүндө түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Жыйынтыгында, 70 жаран Балыкчы шаарында орун алган Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин жол-транспорт коопсуздугу чөйрөсүн көзөмөлдөө башкармалыгынын өкүлчүлүгүнө кеме билеттерин алуу боюнча арыздарын тапшырышты.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты