Ысык-Көлдө жол кырсыгынан 6 адам жабыркады

  • 2 года мурун

Ысык-Көлдө жол кырсыгынан 6 адам жабыркады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 4-июль саат 20:50 чамасында Тоң районунун Ак-Сай айылын аралап өтүүчү Балыкчы –Бөкөнбаев – Каракол унаа жолунун 83-чакырымында «Mercedes-Benz» үлгүсүндөгү жүргүнчү ташуучу унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай, унаа жолдон чыгып оодарылып кеткен. Кырсыктын кесепетинен 5 эркек жана 1 аял ар кандай жаракат алышкан.

Жабыркагандарды «Тез жардам» кызматы менен Тоң райондук ооруканага алып кетишкен. Кырсыкка кабылган адамдарга жардам көрсөтүү үчүн 3 куткаруучу тартылган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты