Ысык-Көлдө жол кырсыгына 23 киши кабылып, экөө каза тапты

  • 2 года мурун

Бүгүн, 3-августта, саат 7:40 чамасында Балыкчы –Ананьево – Каракол унаа жолунун 24-чакырымында Mercedes-Benz Sprinter жана MITSUBISHI үлгүсүндөгү унаалар кагылышты.

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ)басма сөз кызматы билдирди.

Кырсык болгон жерге Балыкчы шаарынын №19 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнөн 4 куткаруучу тартылып, биринчи медициналык жардам көрсөтүшкөн.

Жол кырсыгында жалпы 23 адам кырсыкка учурап, жаракат алган 3 адам Балыкчы шаарынын оjруканасына жеткирилген.

Жеринде каза болгон эки адамдын сөөгүн ИИМ кызматкерлерине куткаручуулар өткөрүп беришкен.

Сүрөт: ӨКМ басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты