Ысык-Көлдө жер титирөө катталды
- 2 года мурун
Ысык-Көлдө жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, саат 14:12де өлкө аймагында күчү 3 магнитудасына жеткен жер титирөө катталган.
Жер титирөө Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Кичи-Жаргылчак, Чоң-Жаргылчак, Барскоон айылдарында 2,5 баллга (Кичи-Жаргылчак айылынан 15 чакырым түштүк чыгышта, Чоң-Жаргылчак айылынан 16 чакырым түштүк чыгышта, Барскоон айылынан 19 чакырым түштүк чыгышта) чейин сезилди.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
Муну бөлүшүү




