Ысык-Көлдө жарандын автоунаасынан ири өлчөмдөгү баңгизат табылды  

  • 2 года мурун

Баңгизаттарын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы кызматынын  Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча башкармалыгына «К» аттуу жаран аталган облустарда баңгизаттарды сатып жүргөндүгү тууралуу маалымат түшкөн.

Атайын-тергөө иштерин жүргүзүү учурунда Ысык-Көл районунун Булан-Сөгөттү айылында Нарын облусунун Жаңы-Арык айылынын тургуну 1978-жылы туулган К.К.нын башкаруусунда «Мазда-323» автомашинасы токтотулган жана андан төрт баштык баңгизат табылып, алынган.
Бул факт боюнча 1978-жылы туулган Нарын облусунун Жумгал районунун Жаңы-Арык айылынын тургуну К.К. аттуу жаран кармалган.
Соттук-химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык, алынган зат 20 кг. 218 гр. “марихуана” баңгизаты болгон.
Аталган факты боюнча тергөө иш-чаралары жүрүп жаткандыгы белгиленди.

Бул тууралуу ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.  

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты