Ысык-Көлдө жаңы беш жылдыздуу мейманкана ачылды

Президент Садыр Жапаров жана Борбордук Азия өлкөлөрү менен Азербайжандын президенти Ысык-Көл жээгиндеги Baku Resort & Spa беш жылдыздуу мейманканасынын ачылышына катышты.

Маалыматка ылайык, мамлекет башчылары мейманкананын инфраструктурасы жана мүмкүнчүлүктөрү менен таанышып чыгышты. Долбоор кыргыз-азербайжан инвестициялык кызматташтыгынын алкагында ишке ашырылганы белгиленди.

Курорт жыл бою иштөөгө ылайыкташтырылып, туристтерди кабыл алуу, ошондой эле эл аралык жана ишкердик иш-чараларды өткөрүү үчүн шарттарды камтыйт. Долбоор аймактын туристтик потенциалын өнүктүрүүгө жана жаңы жумуш орундарын түзүүгө багытталган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты