Ысык-Көлдө турак үйдүн морунан чыккан өрт өчүрүлдү

  • 7 месяцев мурун

Ысык-Көлдө турак үйдүн морунан чыккан өрт өчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Бүгүн, 30-декабрь күнү Ак-Суу районунун Жыргалаң айылында турак үйдүн морунан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат КР ӨКМдин Тоо кырсыгынан куткаруу кызматынын 7-өзүнчө мобилдик тоо кырсыгынан куткаруу взводуна түшкөн.

Ошол замат аталган взводдон 5 куткаруучу тартылып, саат 11:50дө чектөөгө алынган жалын 12:11де толук өчүрүлдү.

Андан соң куткаруучулар күйгөн тактайларды чыгарып беришкен. Бактыга жараша тил тилсиз жоодон жабыр тарткандар болгон жок.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты