Ысык-Көлдө турак үйдөн өрт чыкты
- 2 года мурун
Ысык-Көлдө турак үйдөн өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Ага ылайык, кечээ, 13-декабрь күнү болжол менен саат 14:20да Түп районуна караштуу Түп айылынын Осмонов көчөсүндө жайгашкан турак үй күйүп жаткандыгы тууралуу маалымат 112 кызматына келип түшкөн.
Жерине Түп райондук №34 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнөн бир күжүрмөн эсеп тартылып, саат 14:40дө чектөөгө алышкан. Өрт өчүрүүчүлөрдүн аракети менен 15:38де толук өчүрүлдү. Жалпысынан үйдүн 12 чарчы метри күйгөн.
Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.
Муну бөлүшүү