Ысык-Көлдө таштандыны кайра иштетүүчү эки ишкана куруу пландалууда

  • 2 года мурун

Ысык-Көлдө таштандыны кайра иштетүүчү эки ишкана куруу пландалууда. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Суу жана жер ресурстары башкармалыгынын башчысы Таалай Далбаев брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, ишканаларды бюджеттик каражаттын жана инвестициянын эсебинен куруу каралууда.

Далбаев бул маселе Ысык-Көлдөн башка аймактарда дагы курч экенин белгилеп, бүгүнкү күндө таштандыны кайра иштетүүчү заводдор боюнча токтом иштелип чыкканын билдирди.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты