Ысык-Көлдө түнкү клубдан өрт чыкты
- 2 года мурун
Ысык-Көлдө түнкү клубдан өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Бүгүн, 20-августта саат 10:20 чамасында Ысык-Көл районунун Бостери айылында жайгашкан «Joker» түнкү клубунан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Жерине өрттү өчүрүүгө саат 10:22де Ысык-Көл райондук 2 өрт өчүрүүчү тартылып, саат 11:45те чектөөгө алынып жана өрт толук саат 13:23тө өчүрүлдү.
Өрттүн кесепетинен жалпы эки кабатту имараттын 496 чарчы метр күйгөн. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби жана толук материалдык чыгымдары такталууда. Өрттөн жабыркагандар жок.
Муну бөлүшүү