Ысык-Көлдө сууга түшүп кеткен баланын жансыз денеси табылды

  • 2 года мурун

Ысык-Көлдө сууга түшүп кеткен баланын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Кечээ саат 21:50 чамасында Каракол шаарынын Пржевальский менен Кузбасский көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан көпүрөнүн үстүнөн 7 жаштагы Ш.У бала сууга түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине Каракол шаардык номер 15 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнөн 4 куткаруучу тартылып, саат 22:10 баланын жансыз денесин табылып, ата-энесине өткөрүлүп берилди.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты