Ысык-Көлдө шамал мектептин чатырын учуруп кетти

  • 2 года мурун

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда катуу шамал катталып, мектептин чатырын учуруп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Д. Иманов атындагы орто мепктептин 1036 чарчы метрлик чатыры жараксыз абалга келген.

Жерине Жети-Өгүз райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 3 офицер келип, мектептин абалы менен таанышты.

Бүгүн, 6-июлда Жети-Өгүз райондук Жарандык коргонуу кызматынан комиссия түзүлүп, чыгымдары эсептеп, чатырын жабууга кам көрүшөт.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты