Ысык-Көлдө сел сууларды тазалоо иштери уланып жатат

  • 2 года мурун

Ысык-Көлдө сел сууларды тазалоо иштери уланып жатат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 1-август күнү саат 7:00 чамасында кыска-мөөнөттө жаап өткөн жаандын кесепетинен Чоң-Сары-Ой айыл өкмөтүнүн Өрнөк айылында сел жүрүп, ички чарбалык каналдын 900 метр аралыгын сел суулары каптаган, ошондой эле 30 турак үйдүн короолорун каптап жерге сиңип кеткен. Мындан тышкары «Эдельвейс» эс алуу борборунун аймагында жайгашкан 1 кафе, 1 соода түйүнүнүн кооросун жана ички чарбалык жолдун 4800 метр аралыгын каптады. Жерине Чоң-Сары-Ой айыл өкмөтүннөн 1 эксковатор, Ысык-Көл райондук №31 ӨКБдан 1 офицер тартылды.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты