Ысык-Көлдө Салык кызматынын башкы инспектору пара алып жаткан жеринен кармалды

  • 11 месяцев мурун

30-августта Салык кызматынын Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл району боюнча атайын текшерүүлөр бөлүмүнүн башкы инспектору А.И.К. жеке ишкерден 50 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, салык кызматкери көрсөтүлгөн акча каражаттарын контролдук-кассалык машинаны (ККМ) орнотуу боюнча оң чечим чыгарып берүү үчүн опузалоо жолу менен талап кылган. Ал эми көрсөтүлгөн сумманы берүүдөн баш тартса, айып пул жана кошумча салыктык төлөмдөрүн төлөтөрүн айтып, коркуткан. 

Учурда окуя боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты