Ысык-Көлдө сүттүн баасына нааразы болгон эки жаран массалык баш аламандык уюштурууга шектелип кармалды

  • 2 месяца мурун

Ысык-Көлдө сүттүн баасына нааразы болгон эки жаран массалык баш аламандык уюштурууга шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

«Ысык-Көл облусунда WhatsApp платформасы аркылуу жергиликтүү фермерлерди массалык баш аламандык уюштурууга чакырып, жолдорду тосуп, сүт ташыган унаанын айдоочуларын барымтага алган жарандар аныкталды.
УКМК тарабынан Ысык-Көл облусунун аймагында жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө жарандар О.Ж.А. жана М.Б.А. тарабынан WhatsApp платформасы аркылуу жергиликтүү фермерлерди массалык баш аламандык уюштурууга чакырып, жолдорду бууп, сүт ташыган унаанын айдоочуларын барымтага алуу аракети аныкталды.
Белгилей кетсек, сүт өндүрүүчүлөр тарабынан сүттүн баасынын сезондук төмөндөшүнүн фонунда аталган адамдар миңден ашык катышуучусу бар WhatsApp группасы аркылуу, облустун аймагында коомдук тартипти бузган, деструктивдүү аракеттерге чакырган аудио билдирүүлөрдү таратышкан.

Соттук лингвистикалык экспертизанын корутундусуна ылайык,   О.Ж.А. жана M.Б.A. тараткан аудио жазууларда  массалык баш аламандыктарды уюштурууга чакырык белгиси аныкталган. Мындан улам, бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери жүрүп жатат», — деп жазылат маалыматта.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты