Ысык-Көлдө пирстердин үстүнө бууканаларды салууга уруксат берүү долбоор сунушталды
- 2 года мурун
Ысык-Көлдө пирстердин үстүнө бууканаларды салууга уруксат берүү долбоору сунушталды. Бул тууралуу токтом долбоору коомдук талкууга коюлду.
Долбоор Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги тарабынан сунушталды.
Документтин маалымкат-негиздемесинде Ысык-Көлдүн жээгинде инфраструктураны өнүктүрүү туристтерди тейлөөнүн сапатын жакшыртуу үчүн гана эмес, бул региондун экономикалык өсүшү үчүн да маанилүү экени жазылган. Жаңы объекттер салынса республикалык жана жергиликтүү бюджетке салык да көп түшөрү белгиленген.
Муну бөлүшүү




