Ысык-Көлдө опузалап талап кылып жүргөн шектүүлөр кармалды

  • 3 месяца мурун

Ысык-Көлдө опузалап талап кылып жүргөн шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын ыкчам кызматкерлерине белгисиз адамдар узак убакыттан бери акча талап кылуу жана коркутуп-үркүтүү менен алектенип, жарандардын бизнесин тартып алууга аракет кылып жатышкандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Ысык-Көл облусунун аймагында бир нече адамдар алдын ала сүйлөшүп алып, криминалдык топтун мүчөсү катары өздөрүн тааныштырып, опузалап акча талап кылуу жана күч колдонуу менен зомбулук көрсөтөм деп коркутуу жолу менен ишкерлерден менчик жана башкаруу укугун берүүнү талап кылышкандыгы аныкталган.

Бул факты боюнча чогултулган материалдардын негизинде КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси (Опузалап талап кылуу) боюнча кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн кылмыш ишинин алкагында ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүп, жыйынтыгында ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү делип, 1984-жылы туулган К.А., 1994-жылы туулган М.Б., 1993-жылы туулган К.Э. жана 1995-жылы туулган. К.Э. кармалып, тергөө кызматына өткөрүлүп берилди. Алардын айрымдары уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары Ички иштер министрлигинин каттоосунда турат. Тергөө иштерин Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматы жүргүзүүдө.

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту тарабынын 2 айга камакка алуу түрүндө баш коргоо чарасы тандалган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты