Ысык-Көлдүн жана Жалал-Абаддын 1 600 тургуну акысыз юридикалык жардам алышты 

  • 2 года мурун

Ысык-Көлдүн жана Жалал-Абаддын 1 600 тургуну акысыз юридикалык жардам алышты. Бул тууралуу АКШнын эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттигинен (USAID) билдиришти.

Юстиция министрлиги 2022-жылдын май айынан август айына чейин Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустарынын тургундарына “Акысыз юридикалык жардам көрсөтүү боюнча «Акысыз укуктук жардам»  акциясын уюштурган. Адистер тобу 53 муниципалитетке барып, 1605 жаранга укуктук кеңеш беришти. «Жигердүү жарандар» долбоорунун алкагында АКШнын эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттигинин (USAID) колдоосу менен өткөрүлгөн бул кампаниянын жыйынтыктары бүгүн тегерек столдо сунушталды.

Акциянын жүрүшүндө жарандарга укуктук жардам көрсөткөн адистердин мобилдик тобуна ар кандай министрликтердин, ведомстволордун, ошондой эле «Фергана өрөөнүнүн чек арасыз юристтери» коомдук бирикмеси юристтери өкүлдөрү киришти. Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз, Ак-Суу жана Түп райондорунан 669 жаран жана Жалал-Абад облусунун Сузак, Базар-Коргон жана Ала-Бука райондорунун 936 тургуну консультация алышты.

Юридикалык жардам сурап кайрылган жарандардын жарымынан көбүн аялдар түзгөн (58 пайызы). Жарандарды укуктук мүнөздөгү бир катар маселелер тынчсыздандырууда: жерге жана мүлккө болгон менчик укугу (кайрылуулардын жалпы санынын болжол менен 30 пайызы); үй-бүлөлүк укуктун алкагында социалдык жөлөкпулдарды, алименттерди жана башка маселелерди алуу; ошондой эле кайрылууларды (апелляцияларды) жана өтүнүчтөрдү берүү жол-жоболору (консультациялардын жалпы санынын 60 пайыздан ашыгы); инсандыгын тастыктаган документтерди жана башка жарандык документтерди тариздөө (10 пайыз).

«Акысыз укуктук жардам» көчмө акциясынын алкагында, кыргызстандыктарга өз укуктарын коргоого түздөн-түз жардам көрсөтүүдөн тышкары, жарандар укуктук жардам алууда туш болгон тоскоолдуктар жөнүндө билгибиз келди. Ошондой эле акысыз юридикалык жардам көрсөтүү аркылуу адамдардын укуктук тутумга болгон ишенимин жогорулатууну көздөгөнбүз», – деп белгиледи Кыргыз Республикаснынын юстиция министри Аяз Баетов. – Ошондой эле, кампания райондук жана жергиликтүү администрациялардын жетекчилиги менен жарандардын укуктук жардамга жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу максатында жер-жерлерде кызматташуунун конкреттүү жолдорун талкуулоого мүмкүндүк берди», – деп кошумчалады Аяз Баетов.

Тегерек столдун катышуучулары жарандардын укуктарын ишке ашыруу менен байланышкан маселелерди чечүүдө, өзгөчө калктын аялуу топторунун арасында пайда болгон тоскоолдуктарды талкуулоонун жүрүшүндө, никелешүүнү жана балдардын төрөлүшүн каттоо, жерге менчик укуктарын тариздөө тартиби жана жол-жоболору, ошондой эле жарандык укуктун алкагында социалдык укуктар жана талаш-тартыштар жөнүндө жарандардын маалыматынын төмөндүгүн белгилешти. Жарандар өздөрүнүн мыйзамдуу укуктарын ишке ашырууда көп кездешкен дагы башка тоскоолдуктар — көрсөтүлгөн мамлекеттик кызмат үчүн милдеттүү төлөмдөр, ошондой эле алыскы райондук административдик борборлордо мамлекеттик кызматтарды алуу үчүн тоолуу айылдардын жашоочулары узак жол басып өтүүсүнүн зарылчылыгы.

Кыргыз Республикасындагы USAID миссиясынын Демократияны жана башкарууну өнүктүрүү департаментинин директору Ноэль Бауэр белгилегендей, акысыз юридикалык жардам көрсөтүү системасын бекемдөө адилеттүүлүктү жана жарандардын мыйзам алдында теңдигин камсыз кылуу үчүн маанилүү кадам болуп саналат. «USAID жарандардын юридикалык жардамга жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу боюнча Кыргыз Республикасынын жетекчилигинин аракеттерин колдоосун улантат», – деди Ноэль Бауэр.

Тегерек столдун жыйынтыгы боюнча Юстиция министрлиги жана анын өнөктөштөрү мамлекеттик жана муниципалдык органдар менен юридикалык кызмат көрсөтүүчүлөрдүн ортосундагы координацияны күчөтүүнү, өлкөнүн региондоруна ушундай көчмө акцияларды уюштурууну, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлдөрүнө жарандарды жергиликтүү деңгээлде укуктук жардам менен камсыз кылууда колдоо көрсөтүүнү камтыган акысыз укуктук жардам системасын жакшыртуу боюнча мындан аркы кадамдарды макулдашышты.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты