Ысык-Көлдөн суучулдар үч күндө 4500 метр синтетикалык тор чыгарышты
- 2 дня мурун
- Видео
Ак-Сууда жана Түп районундагы Күрмөнтү айылында ӨКМдин Суучулдар кызматы тарабынан Ысык-Көлдүн жээктерин таштанды калдыктардан тазалоо, суу ичиндеги синтетикалык торлорду жок кылуу иш-чаралары күнү-түнү жүргүзүлүүдө.
Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдирди.
Маалыматта айтылгандай, мурунку жылдары браконьерчилик жана мыйзамсыз балык кармоо аракеттери Түп районунда көбүрөк катталса, учурда Ысык-Көл, Тоң, Жети-Өгүз райондорунда да браконьерлердин мыйзамсыз балык улоосу күчөп жатат. Себеби, текшерүү иштери Түптө гана жүргүзүлгөндүктөн башка райондорго ооп жатышат. Буга байланыштуу суучулдар тарабынан облус боюнча аларга каршы күрөшүү иштери улантылууда.
Суучулдар борбору учурда курамы төрт адамдан турган үч топко бөлүнүп, иш алып барууда. Эки топ Аксуу жана Түп районунда тазалоо иштерин туруктуу жүргүзүп жатышат, ал эми бир топ калган райондордо кезек-кезеги менен чыгып жатышат.
16-18-ноябрь күндөрү жалпысынан 10 миң гектардан ашык аянт текшерилип, 4500 метр синтетикалык тор чыгарылды.
Сүрөт: Видеодон алынды