Ысык-Көлдүн өнүктүрүү фондунун башкаруу боюнча дирекциясынын мурунку башчысы кармалды

  • 1 год мурун

Ысык-Көл облусунун өнүктүрүү фондунун башкаруу боюнча дирекциясынын мурунку башчысы кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2017-жылы Ысык-Көл районунун Ананьево айылына футбол аянтчасын куруп жаткан курулуш компаниясына Ысык-Көл облусунун өнүктүрүү фондунун башкаруу боюнча дирекциясынын кызмат адамдары акча каражаттарды мыйзамсыз которуп беришкендиги аныкталган.

Аталган факты боюнча прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) жана 210-беренеси (“Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу”) боюнча кылмыш иши козголгон.

Аталган кылмыш иши боюнча жүргүзүлгөн тергөө амалдарынын негизинде, кылмышка шектүү катары мурдагы Ысык-Көл областынын өнүктүрүү фондунун дирекциясынын мурдагы башчысы С.Р. жана курулуш компаниясынын директору Д.А. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилишти.

Азыркы учурда бул кылмышты жасоого тиешеси бар бардык адамдарды аныктоого багытталган тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты