Ысык-Көлдүн Кечүү жайлоосунда чагылган тийип, 250 кой өлдү   

  • 2 месяца мурун

Кечээ, 7-июлда, саат 17:00 чамасында Тоң районунун Күн-Чыгыш айыл аймагынын Кажы-Саз айылынын Жазы-Кечүү жайлоосунда алдын ала маалымат боюнча болжол менен 250 баш койго чагылган тийип өлгөн.

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдирди.

Жеринде тактоо иштерин жүргүзүүгѳ жарандык коргонуу комиссиясы жана Тоң райондук ƟКБдан ыкчам топ тартылгандыгы, тактоо иштери жүрүп жатканы маалымдалды.

Буга чейин 8-июлдан 12-июлга чейин нөшөрлүү жамгыр уланары эскертилген.

Сүрөт: ӨКМ

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты