Ысык-Көлдүн ичинен быйыл суучулдар 22 506 килограмм таштанды алып чыгышты

  • 8 месяцев мурун

Ысык-Көлдүн ичинен быйыл суучулдар 22 506 килограмм таштанды алып чыгышты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Суучулдар борборунун суучулдары Ысык-Көлдө 13-14-ноябрда балыкчылардын эски жана жаңы торлорун чыгарышып, кармалган балыктарды сууга коё беришти.

Алар Түп районунун Ой-Тал, Кутургу айылдарынын тушунда жана Николаев булуңунда тазалоо иштерин жүргүзүп, балык кармоочу торлордон жана ар кандай таштандылардан арылтышкан.

Жалпысынан көл аянтынын 387 614, 63 гектарын тазалап, 162 300 метр тор алып чыгарышты. Ошондой эле Ысык-Көлдүн флора жана фаунасына зыян келтирчү 22 506 кг ар кандай таштанды тазалашты.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты