Ысык-Көлдө мыйзамсыз бактарды кыюу фактылары аныкталды

  • 5 месяцев мурун

Ысык-Көлдө мыйзамсыз бактарды кыюу фактылары аныкталды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

«Ысык-Көл ОИИБдин туристтик-экологиялык милиция кызматкерлери тарабынан айлана-чөйрөнү коргоо, жаратылышка аяр мамиле кылуу жана экологиялык коопсуздукту сактоо боюнча күн сайын атайын иш-чаралар турмушка ашырылып келет. Жакында аталган кызматтын кызматкерлери Ак-Суу, Жети-Өгүз жана Ысык-Көл райондорунун аймактарында мыйзамсыз бак-дарактарды кыюунун 5 фактысын аныктап, кыйылган 47 даана Тянь-Шань карагайын жана 3 даана теректи табышкан. Бардык аныкталган фактылар райондук ички иштер бөлүмдөрүндө катталып, келтирилген материалдык чыгымды аныктоо үчүн материалдар тиешелүү мамлекеттик органдарга өткөрүлүп берилди», — деп жазылат маалыматта.

Учурда текшерүү иштери уланууда.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты