Ысык-Көлдө мугалимди сабады деп шектелген беш окуучу аныкталды

  • 2 года мурун

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда окуучулар мектеп директорунун орун басарын сабап кетишкен. «Азаттык» радиосу облустук Ички иштер башкармалыгынын маалыматына таянып, мугалимди сабоого шектелип жаткан беш бала кармалганын кабарлады.

Маалыматка ылайык, окуя 19-июнга караган түнү Жети-Өгүз районунун Саруу айылында болгон.

Райондук милицияга Жети-Өгүз райондук ооруканасынын “Тез жардам” бөлүмүнөн денесинен жаракат алып кайрылган адам тууралуу маалымат түшкөн. Тергөө-ыкчам тобу ооруканага барганда Саруу айылынын 25 жаштагы тургуну аны айылдын орто мектебинин окуучулуры сабап кетишкенин айтып берген. Бейтап хирургия бөлүмүнө жаткырылып, соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Факт боюнча кылмыш иши Жети-Өгүз райондук милициясында “Кылмыш-жаза кодексинин” 280-беренесинин (Бейбаштык) негизинде козголгон.

Кылмышка шектүү катары Саруу айылынын 2005-жылы туулган беш тургуну кармалып, жашы жете элек болгондуктан сурактан кийин үйүнө кое берилген.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты