Ысык-Көлдө лыжа буюмдарын ижарага берүүчү жайдан өрт чыкты

  • 6 месяцев мурун

Ысык-Көлдө лыжа буюмдарын ижарага берүүчү жайдан өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Бүгүн, 6-февралда саат 12:12де Каракол шаарынын Масалиев көчөсүндө жайгашкан лыжаларды ижарага берүүчү жайдан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине саат 12:13дө эки күжүрмөн эсеп тартылган. Өрт саат 12:35те чектөөгө алынып, саат 13:03дө толук өчүрүлгөн. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда. Жабыркагандар жок.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты