Ысык-Көлдө лицензиясыз акча алмаштыруу менен алектенген эки жаранга айып салынды

  • 2 года мурун

Ысык-Көл облусунун эки тургунуна лицензиясы жок накталай чет өлкө валютасы менен алмаштыруу операцияларын жүргүзгөнү үчүн айып салынды. Бул тууралуу Улуттук банктын сайтында айтылат.

Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 299-беренесине ылайык,  ар бири 17,5 миң сомдон айыппул төлөйт. Аптанын башында ушундай эле айып дагы бир жаранга салынган.

Улуттук банк Ички иштер министрлиги жана Мамлекеттик салык кызматы менен 2022-2025-жылдарга лицензиясыз ишке бөгөт коюу боюнча биргелешкен иш-чаралар планына кол койгон.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты