Ысык-Көлдө курорттук кызматтарга баалардын негизсиз өсүшүнө жол бербөө маселеси талкууланды
- 1 год мурун
Ысык-Көлдө курорттук кызматтарга баалардын негизсиз өсүшүнө жол бербөө маселеси талкууланды.
Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынан билдиришкендей, 3-июлда Ысык-Көлдө аталган кызматтын төрагасынын орун басары Айбек Мамыралиев, Ысык-Көл облусунун жетекчилиги, айыл өкмөт башчыларынын жана мамлекеттик жана жеке менчик түрүндөгү санаториялык-курорттук мекемелердин жетекчилеринин катышуусу менен жолугушуу өттү.
Жолугушуунун жүрүшүндө социалдык жактан маанилүү товарларга жана тамак-аш азыктарына, санаториялык-курорттук кызматтарга баалардын негизсиз өсүшүнө жол бербөө боюнча маселелер талкууланды.
Жыйындын жүрүшүндө Чолпон-Ата шаарынын мэри жана ЖӨБО башчылары менен да жолугушуу өткөрүлдү.
Жыйынтыгында керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо, жарнама жана социалдык мааниге ээ товарларга бааны турукташтыруу боюнча иш-чараларды иштеп чыгуу жаатында биргелешкен иш-чараларды өткөрүү чечими кабыл алынды.