Ысык-Көлдө “Келечек” жаш лидерлер мектебинин кезектеги окуусу өтөт

  • 4 месяца мурун

17-21-июнь күндөрү Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгына карата, Ысык-Көл облусунун Булан-Сөгөттү айылында “Келечек” жаш лидерлер мектебинин кезектеги окуусун өткөрөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Иш-чараны аталган министрлик, IDEA Борбордук Азия коомдук уюму менен биргеликте уюштурду.

Ага өлкөнүн бардык аймактарынан жаш лидерлер, жаш ишкерлер, жаш мамлекеттик кызматкерлер жана жигердүү студенттер катышат.

“Келечек” жаш лидерлер мектебинин максаты-өлкөнүн коомдук процесстерине натыйжалуу өз ара аракеттенүүгө жана таасир этүүгө жөндөмдүү, компетенттүү жана жоопкерчиликтүү жаштарды калыптандырууга өбөлгө түзүү менен катышуучулардын лидерлик жөндөмдөрүн, жарандуулугун жана кесиптик өсүшүн өнүктүрүү.

Иш-чарада жаштар “Мен жана менин Кыргызстаным”, “Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн калыптануу тарыхы”, “Команда куруунун негиздери”,
“Азыркы Кыргызстандын тарыхы”, “Лидерлик негиздер”, “Санариптик дүйнө, медиа сабаттуулук”, “Ишкердик жана инновация”, “Искусство, маданият жана чыгармачылык”, “Жарандуулук” аттуу темалардын тегерегинде талкуу өткөрүшөт.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты