Ысык-Көлдө күчү 6 баллга жеткен жер титирөө катталды
- 2 года мурун
Ысык-Көл облусундагы кыргыз-кытай чек арасынын аймагында күчү 6 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМдин Сейсмология институту билдирди.
Маалыматка ылайык, кырсык 28-декабрь күнү саат 23:16да катталган. Жер титирөө Ак-Суу районунун Таш-Короо, Кургак айылдарында 5 балл, Эчкили-Таш, Койлуу, Май-Саз айылдарында 4,5 балл, Түп районунун Кең-Суу айылында 4,5 балл жана Каракол шаарында 3,5 баллга чейин сезилген.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
Муну бөлүшүү