Ысык-Көлдө күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды

  • 2 года мурун

Ысык-Көлдө күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлгинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 11-август күнү саат 03:33тө Ысык-Көл облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Жер титирөө Жети-Өгүз районунун Тамга, Тосор айылдарында жана Тоң районунун Каджы-Сай айылында 2,5 баллга чейин сезилди. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты